Убактылуу жана кийинки бийлик – тизесине чейин кан кечип, өлүктөрдүн үстүнө отурган бийлик.

7-апрелде 80-ден ашык баланын каны төгүлүп, канкор Бакиевдин бийлигинен кутулганда алдыда жаркыраган келечек, жаңы жашоо, экономикабызда өнүгүү боло тургандай жарык күндөрдөн үмүттөндүк эле. Арадан 8 жыл өттү. Биз күткөн күндөрдүн карааны көрүнбөйт. 7-апрелде көч башы болуп, жааган окко төш тосуп жүргөн “Деньги & Власть” гезитинин башкы редактору Турат АКИМОВГО суроо узаттык.

 

— 7-АПРЕЛЬ КҮНҮ (2010) ЖААГАН ОККО ТӨШ ТОСУП, КАН КЕЧИП ЖҮРДҮҢҮЗ. БҮГҮН БУЛ ТАРЫХЫЙ КҮНГӨ КАНДАЙ БАА БЕРЕСИЗ?

— Бул каргашалуу күндөн кийин да алган жарааттарынан айыга албай каза болгон балдардын санын кошкондо 98-ге жетти. Андан бери 8 жыл өттү. Бирок бийлик 7-апрелдин даңазасын бир да чыгаралбады. Эптеп-септеп каза болгон балдардын ата-энесин эртең менен жыйнай коюп, аянтка алар менен кошо гүлдү таштай салып, анан авторбустарга тыгат да, Ата-Бейитке алып барып, 2 саат куран окутуп, алып келип “Ала-Тоо” ресторанынан тамак берип, чөнтөктөрүнө 1000-3000 сомдон конверттерин берип, таратып жиберип жатат. Мындай болбош керек.

Чоң окуянын даңазасын чыгарыш үчүн 7 бозүй тигип, 7 жылкы союп, жок дегенде 7 миң киши жыйып туруп, революция боюнча чоң докладдарды жасатып, бийликке талап коюп, 7-апрелге таазим катары курултай өткөрүш керек эле. Тилекке каршы, куран окуп, анан каза болгондордун туугандарынын оозуна жиликтерди сала коюшуп, бул күндү ушинтип өткөргөндөрү – кыргыздын рухун өчүргөнү, курман болгон балдарды сыйлабагандыгы. “Квартира берип койдук, миллиондон тараттык” дегендери – бул жөн эле “сатып алдык” дегенге барабар.

Бул күндү абдан жогорку деңгээлде даңазалуу өткөрүш керек болчу. Мисалы, Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнү кандай өтөт?! Ошондой эле белгилесек болбойт беле? Мамлекет өзүнүн руханий байлыгын сактай албай эле эптеген мааракелерди өткөрө бергендерине нааразымын.

 

— 7-АПРЕЛЬ КӨЧӨСҮН АТАШ МАСЕЛЕСИ КӨТӨРҮЛҮП ЧЫКТЫ. ЭМИ ЖӨӨ ЖҮРҮШ УЮШТУРУЛАРЫ АЙТЫЛЫП ЖАТАТ…

— Азыркы учурда 7-апрелдин желегине жамынып алгандар өтө көп. Бул күндөн кийин убактылуу өкмөттүн 13 мүчөсү болгон: АТАМБАЕВ, САРИЕВ, ТЕКЕБАЕВ, БЕКНАЗАРОВ ж.б. Булардын “Апрель баатырлары” деп көрүнгөнгө “баатыр” деген наамды чакалап төккөнүнө нааразымын.

Ал жерде тополоң бүткөндөн кийин 70 миң киши жүргөн. Бир күндө эле жүз метр ары-бери чуркап койсо эле баатыр болуп кетпейт. Арадан 8 жыл өткөндөн кийин “Апрель баатырларынын көчөсүн коёбуз” деп чыгышты. Келечекте эми “7-апрель” деген арак чыгарышабы? Жөө жүрүшкө чыгып, ары-бери кыйкырып басышат экен, ошол таазимби? Ошол элге дем береби? Элдин аң-сезимин көтөрөбү? Элдин ыйык касиет-сезимдерин ойготобу? “7-апрелге арнап шейиттерге чоң мечит курабыз” деп Алмазбек АТАМБАЕВ убада берген. Ошол мечиттин жеринин кимге сатылганы дайынсыз. Ал мечиттин эмне болгонун эч ким билбейт.

Ата-энелер болсо, алган акчаларына сүйүнүп кала беришти. Бул биздеги идеологиянын, мамлекеттик катчынын жоктугун кабар берет. Чочугансып быйыл марш өткөрөт экен. Анда эмнеге буга чейин жыл сайын өткөрүшкөн жок?

Бизде мындай ыйык руханий жоготуулардын даңазасын чыгарганга бийлик өкүлдөрүнүн акыл-эстери жетпейт. Убадаларынын баары унутулуп, жеп ичүүгө, өздөрүнүн эле камын ойлоого, каракчылыкка өтүштү.

7-апрелдин атын жамынып, өпкөсүн каккан эки-үчөө эле жүрөт, Мээрбек МИСКЕНБАЕВ, Алга КЫЛЫЧЕВГЕ окшогондор. Баарын ошолор эле жасагандай түр көрсөтүшөт. Башкалар унчукпайт. Революциядан кийин, революцияга катышкандын баары орус тарыхында жазылуу. Француз тарыхында да ошондой. Бизде болсо желекти жамынып, каалагандай көрүнгөн акчаны жеп жутуп жүрүшөт.

 

— СИЗ БАШЫНАН АЯГЫНА ЧЕЙИН 7-АПРЕЛДЕ КАН КЕЧИП ЖҮРДҮҢҮЗ. БААТЫРДЫК НААМДЫ АЛДЫҢЫЗБЫ?

— Мен алган да, сураган да эмесмин. Убактылуу өкмөттүн 13 мүчөсү өздөрүнүн Сокулуктан, Аксыдан келген жердештерине наамдарды чакалап төгүп беришти. Мен ошол учурда Роза ОТУНБАЕВАНЫН маалымат катчысы болуп иштеп жүрүп, көп нерсени көрүп калдым. Ар кимиси Акүйдүн алдынан колтуктап эле “Азимбек Анаркулович”, “Алмазбек Шаршенович”, “Өмүрбек Чиркешович” деген топтор пайда болгон. Убактылуу өкмөт ошондо чогулуп, биримдикте да иш алып бара алышпады. Кечинде араң чогулушчу. Отурган жерден кырылышып кетишчү.

Ошондо мага Жапониядан келген “Ассахи” деген гезиттин башкы редактору: “Ынтымагыңар жок эл экенсиңер. Ушундай кыргындан кийин Убактылуу өкмөтүңөр бир жерге чогулуп отуруп, иш алып баргандын ордуна, бири финансы министрлигинде, бири коргоо министрлигинде, бири талкаланган Акүйдө жүрөт. Бизде жер титирөө же башка кырсык болуп кетсе, узун коридордо чогуу отурушуп, кагазды ары-бери ташыбай чукул чараларды көрүшөт. Бири бириңерди урматтабаган начар калк турбайсыңарбы” деп нааразы болду. Мен өкүнүп да, өчүп да калган элем. Ошол учурда Роза Отунбаева, Исмаил Исаков, Эдил Байсалов болуп коргоо министрлигинде жүрүшчү. Ал редакторду Отунбаевага мен киргизип, маек алып кеткен эле.

 

— ОККО УЧКАНДАР МЕНЕН АРАЛАШ ЖҮРГӨНСҮЗ Э?

— Каза болгон балдар чоң келечек үчүн күрөшкөн балдар эле. Эң биринчи каза болгон балдар менин жанымда турган. “Токто!” дегиче болбой дарбазаны урган машиненин алдына кире калышты. Алар машиненин алдынан чыга калганда эле катары менен 4 жигитти мерт сулады. Ошондо “журналисттер, келгиле, өлтүрүп жатышат!” деп тумбага чыгып кыйкырып жаттым.

Ак калпак бетине жабылган кишини күйөө балам машиненин алдынан сууруп чыгып, тамырын кармаса кетип калыптыр. Бетине ак калпак жаап койду. Брусчаткада каза болуп жаткан жигиттерди көк чөпкө сүйрөп жаткырдык.

 

УШУЛ КҮНДӨР ҮЧҮН 90-ДОН АШЫК БАЛА КАЗА БОЛГОНУНА КҮЙӨТ ЭКЕНСИҢ…

— Бул чоң руханий улуттук трагедия. Трагедияны бийликтегилер көчкү басып калгандай, жер титиреп үй басып калган кырсыктай кабылдап жатышат. Ошонун даңазасын, салмагын, саясый таасирин түшүнбөгөн бул бийлик жерге кирсин!   

Убактылуу жана кийинки бийлик – тизесине чейин кан кечип, өлүктөрдүн үстүнө отурган бийлик. Эч нерсе акталбай, эч ким отчет бербеди. Эч ким жооп да берген жок. Кийинки келген бийлик эч бир малекеттин турмушун оңдой албай, уурулукка батып, ТЭЦ ж.б. былыктардын баары чыгып жатат.

Акаев кыргыз багын кургатып кетсе, Бакиев мөмөлөрүн кагып кетти. Андан кийинкиси тамырын чиритти. Мамлекет азыр араң эле турат. Бюджетте 1 сокур тыйын акчабыз жок. Экономикалык өсүш деген бул жылы таптакыр болбойт. Талаалап жүргөн мигранттардын эсеби менен күн көрүп жатабыз. Алардан бир ай акча келбей калса, революция болуп, Соке бийликтен кетүүгө мажбур болот.

Биздин мамлекет таптакыр жакыр, карызга белчесинен батып отурат. Анан кантип “7-апрель акталды, арбактар ыраазы болуп, тынч жатат” деп айтабыз? 7-апрелдин даңазасын чыгара алышпай, касиетин көтөрө алышпай, эч нерсени акташкан жок.

Биздин эл алдамчыларга, аферисттерге, молдолорго, Ош базарындагы төлгөчүлөргө ишенет, бирок өздөрүнө ишенбейт. Бийлик – элдин күзгүсү. Бийликте канча күнөө болсо, аларды тандап алган, аларга сатылган жумурай журтта да күнөө бар.

 

Маектешкен Жамиля НУРМАНБЕТОВА /Азия Ньюс/ 2018

 

0 отзывов

Другие материалы из категории «Политика и общество / Аналитика и комментарии»

Анонсы / Политика и общество

00

Анонсы / Политика и общество

00

Политика и общество

00