Келечеке тик карайлы! Чыйрал кыргыз элим, алдында өтө кыйын замандар!

 

Эл-аралык аналитикага таянсак, коронавирус апаатына байланышту дүйнө акыбалы өтө оорлоп баратат. Зор мамлекеттер чекарасын бекитип, байланыштарын токтоттуп карантинге отурду - тыянагында дүйнө экономикасы кыйрап баштады. Латин Америка элдери ачык тономойчулукка өтүп акчаларын көчөгө чачып калды. Ошондуктан, бул кырсыктын ар-түрдү версиялары пайда болду:

 

1. Чалгындо кызматтардын 1-чи (алгачкы) биология согушу. Эми лабораториядан чыгып кеткен вирус ордуна кайтпайт - токтобойт. Мутация болуп, улам-улам кайтып, өзгөрүп, улам жанып, жер кыдырып турат.

2. IT-спецоперация "5G-санарип". Бул толкундар адамдын “межклеточный обмен” функциясын жок кылат экен. Ошондон адамдар көчөдө басып баратып кулап, а куштар учкан бойдон мерт кетишүүдө. Уханьда муну түшүнгөндөн кийин 5G-санарипти өчүрүптүр, ошондон кийин эл сакайып баштаптыр. Азыр Америкада антенналарды сындыргандар пайда болду...

 

Бул тымызын ыкмалардын максаты - дуйнө экономикасын кыйратып, ажал жана ачарчылык менен адамзаттын санын азайтуу деп, эксперттер айтты. Бардыгы тымызын жана амалду болгон соң, бирда медик, президент, эксперт же илимпоз – бул апаат качан бүтөрүн айталбай калды. А Кыргызстан дүйнө экономикасында салмак-салымы дегеле жок мамлекет, анткени биздин улуттук чарба эчак кыйраган. (Кыргыздар 30 жылда медикалык маска жана тиш чукугуч чыгаралбай келди, башкасына сөз жок). Бүгүн бизге керек-жарак жана тамак-аштар 80% импорт жолу менен четтен келет.

 

Ошондуктан, эгерде дүйнө экономикасы кыйраса, жер жүзүндө чоң ачарчылык башталат. Гумжардамдар кыскарат, карыз-кредиттер келбейт, четтен акча салынбайт, кыргыз мигранттын 70% мекенине кайтат – ачарчылыкта бөтөн жерге кыргыз батпайт. Элдин дооматтары бийлике келип урулат. Кыскасы, мурдагыдай бейкапар жашоо токтойт.

 

Урматту кыргызстандыктар!

Эсибизге эртерек келели, чыйралып айыл-чарбага кайталы. Карантинди болушунча сактайлы, бирок жер айдо жумуштарын бул жаздан үзбөйлү – күз бат эле келет. Шаар ичиндеги 3 сотка жерге-да азык тигели, анткени келечек бүдөмүк. Эгерде импорт-экспорт басандаса, биздин экономикабыз Кыргызстан ичинде кана айланып балким бартерге өтөбуз. Мындай акыбалда эн-биринчи байлык нан болот. Элибиз аман жана ток болсо - баарын женебиз!

 

КЕЛЕЧЕКЕ ТИК КАРАЙЛЫ!

ЧЫЙРАЛ КЫРГЫЗ ЭЛИМ, АЛДЫНДА ӨТӨ КЫЙЫН ЗАМАН!

 

02 апрель 2020 жыл.
Турат АКИМОВ (жанылсам кечиргиле)

(ишенсенер - тараткыла)

0 отзывов

Похожие новости

Новости / Политика и общество

00

Новости / Политика и общество

00