Эмнеге биз ардайым байды шайлайбыз? Бул система уланса - мамлекет жок калат!

 

Парламенти жок мамлекет дегеле болбойт. Кытайда бугун (1-партиялык парламентаризм) - компартия башкарат, АКШ-да - 2 партиялык парламентаризм (демократы жана консерваторы), Кыргызстанда - көп-партиялуу парламентаризм (6 фракция), Ислам парламентин Мажлис дейт (мыйзамды уламалар чыгарат). Бирок, эмнеге Кыргызстанда өнүгүү жок. Мен жооп бергенге аракет кылдым.

1. "Көп суур ийин казбайт, казса терен казбайт" дейт, байыркы кыргыз. Ушундай сабатсыз окуялар тарыхта көп болуп, түбүндө терен ой, терен маани, терен тарых калыптанган накыл сөз-да пайда болду. Бүгүн бул макалды мазак катары биздин көп-партиялуу парламентаризмге-да арнасак болот, анткени 2010 жылдан кийинки мыйзам таласы КР өтө алсыратты - экономикада жылыш жок, ар бир сомдун 61 тыйыны тышкы карызга сарпталат жана саясий кысымдарга КР туруштук бере албай калды (14-20 мартта Лейлек аймагы курчоодо калды). 

2. Саясий кыянаттык КӨП-ПАРТИЯЛУ ПАРЛАМЕНТАРИЗМДИН ичинде катылган - себеби байлар учун бийлик басып алууга өзгөчө шарт тузулгөн. Ошондон азыркы ЖК-н 90% курамы олигарх-байлар болуп калган. (Капитализмде акчасыз иш журбөйт - партия дагын). Схемасы мындай - байлар чогулат, ортого 50-100 мин доллардан таштайт, анан партия тузөт. Кийин шайлоодо ошол "общак-кассаны" элге жана PR чачат, падышага долясын берет, анан ОПГ (олигархатно-партийная группа) катары ЖК келет. (Өкүнүчту, бирок эл дагы, акча бергенге кана ишенет...). Бирок бул тенденция коомдун ажырымын өтө кеңейтти жана каршылыкты кучөтту - себеби байлар өтө даражалуу VIP-катмарга айланды, а чортамандар талада калды.

3. Негизи КӨП-ПАРТИЯЛУУ ПАРЛАМЕНТАРИЗМ кыргыз элинин табиятына, дүйнө-таанымына, салтына жана ан-сезимине каршы келет. Кыргызда накыл сөз бар: «же бай бол, же бий бол», дейт. Бирок бизде андай эмес. Азыркы депутат мыйзамды-да чыгарат, анын аткарылышын-да көзөмөлдөйт, Өкмоттун тагдырын бычат, ар бутагына кийлигишет, фракция катары өз адамдарын тыгат, анан бюджетке кол салат жана бизнесин ойнотот (откат, доля, тендер-шмендер амалдары менен). 

Ушундай амалкой схема менен бийлик парт-фракциялардын колуна толук өттү, тактап айтсак байлардын үстөмдүк-узурпациясында калды. Акыры партия байлары өзгөчө укуктарга ээ болуп "мини-кудайлар тобуна" айланды. (Байы-да, бийи-да, казысы-да - депутат). Мындай адилетсиздиктин запкысын эл жон-териси менен тартып эч-туруктугу жок коом пайда болду. Эмнеге?

Анткени чортамандардын партия түзгөнгө акчасы жок. Акчан болбосо, мин акылду, ыйманду, принципиалду, өрт болсон дагы - сага добуш жок. Кошумча шайлоо фокустары Админресурс жана ЦИК менен ГРС компьютеринде бекитилген.

Тыянагында ЭЛ ПАТРИОТТОРДУ ШАЙЛАБАЙ - БАЙЛАРДЫ ШАЙЛАП, ЖЕРИН СУЙГӨН - ЭЛИНЕ КҮЙГӨН АДАМДЫ ТАНДАБАЙ, АКЧАНЫ СҮЙГӨН - АКЧАГА КҮЙГӨНДУ ТАНДАП КАЛДЫ. Ошентип өлкөнүн түпкүлүгүно каршы келген теңсиз саясий система орноду жана элди чоң саясий каршылыка түрткөн бийлик түзүмү бекиди. 

Эми эмне кылабыз?

Теңсиз бийлик түзүмүн өзгөртуш үчүн, кыргызга 1-мандатту мажоритардык шайлоо система керек. Депутат партияга эмес - аймактык карапайым элге көз-каранды болуш керек. (Ошондо депутат элге жалдырап, бири – биринен элдин добушун талашып, мени танда деп калат). Эл анын жамандыка же жакшылыка шыктуу экенин 7 атасынан бери билет - эл ошентип ылгайт. Болбосо байлар эскиче 3-4 партияга топтолот жана кайталап бийлике келет (2020 жылы), анан кудалашат - достошот жана эски адатына тушөт.

КЫРГЫЗСТАН ЖАНЫЛАНСЫН ДЕСЕК, БИЗГЕ 1-МАНДАТТУ ШАЙЛОО СИСТЕМАСЫ ӨТӨ ЗАРЫЛ – ОШОНДО КАНА БИЙЛИК ТҮЗҮМҮ ӨЗГӨРӨТ, ЖАНЫ ЛИДЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДИК РЕФОРМАЛАР ПАЙДА БОЛОТ. 

Бирок, Кыргызстанды мындай зор саясий өзгөрүү-реформага түртүш үчүн Соке тез арада "Закон о поэтапном введение в действие Конституции 93" кабыл алыш керек. Болбосо элдик референдум керек, же ЖК тез арада (жайкы каникулга чейин) Шайлоо Кодексине (1-мандатту) кошумча киргизиш керек. Ошондо кана кыргыз жеринде 1-мандатту-мажоритардык парламентаризм пайда болот, жаны лидерлер чыгат, жаны реформалар башталат. Бийлик тузуму ушул бойдон калса - эч өзгөруу болбойт. Мындай саясий реформадан коркуп кереги жок- Кыргызстан банкрот чегинде.

Бирок парт-мафия буга барары кумөн, анткени азыркы парт-депутатын аброю НОЛЬ - алар элдин сыйынан кеткен. Эл өз арасынан жаны, ишеничту, тын адамдарды шайлап кетет, а биз талада калабыз деп, булар мындай реформага барбайт. А Соке барабы – бул чоң суроо? 

Бардыгы кумөн болгон сөң (2020 шайлоого карата) 1-МАНДАТТУ ӨЗГӨРҮНҮ ЭЛ ЧОҢ МИТИНГ ЖОЛУ МЕНЕН ТАЛАП КЫЛЫШ КЕРЕК. Андай кадамга барбасак - баягы эле "мамайдын көру". Анткени, "ток бала - ач бала менен ойнобойт" - коомдун тубаса табияты ушундай...

ӨЗГӨЧӨ ЭСКЕРТҮҮ - МАМЛЕКЕТ ТҮЗҮМҮ УШУЛ БОЙДОН КУРАЛА БЕРСЕ, АНДА КООМДУК АЖЫРЫМ 10-ЭСЕ КУРЧУЙТ, КИЙИН ЧОН КАРШЫЛАШКА АЛЫП БАРАТ, А БАРА-БАРА МАМЛЕКЕТТИ-ДА ЖОГОТУП АЛАБЫЗ! АНТКЕНИ СЫРТКЫ КҮЧТОР ДАГЫ БУГА КЫЗЫКДАР.

PS.

Дагы бир суроо - эмнеге президент (жакшыбы - жаманбы) 1-2 мөөнөтунөн кийин бийликтен кетиш керек, а ЖК депутаты 30 жыл бою шайланганга укукту, кетпес, козголбос (мисалы Текебаев). Ошондуктан, ЖК депутаттык мандатын дагы (1-2-3) өлчөм менен чектеш керек. Антпесек, байлар (бул жол менен) бийликтин 1 бутагын толук бойдон басып алып, акчага таянып укум-тукумуна тапшырып кете берет (династийная узурпация Законодательной ветви власти). Ойлон элим!

Турат АКИМ 

0 отзывов

Похожие новости

Анонсы / Политика и общество

00

Анонсы / Политика и общество

00