Бегиш АМАТОВ, экс-депутат: «Чолпон БАЕКОВА, Апас ЖУМАГУЛОВ, Медеткан ШЕРИМКУЛОВ 157 кишинин атынан элден кечирим сурашы керек. Элден кечирим сурашат, бирок өлкөнү Конституциялык талаага алып келет. Анан ушул гезитти окуп чыгып, 10 күндүн ичинде катачылыктарын моюндасын».

— Бегиш-аке, сиз Камбар-Ата‑1 ГЭСи Өзбекстан менен бирге курулса, ГЭС Өзбекстанга карап, ал жерге өзбек аскери кирип келиши мүмкүн деп кабатыр болдунуз. Кайсыл негиз менен кабатыр болгон жайыңызды түшүндүрүп берсеңиз?

— Биздин жетекчилердин ТВ-сыналгыдан берген маегинде “Өзбекстан менен болгон мамилени аябай оңдодук, Камбар-Ата‑1 ГЭСин курууга Ислам КАРИМОВ уруксат бербей жүрдү эле, азыркы жетекчиси менен келиштик. Кыргызстан-Өзбекстан биргелешип, Камбар-Ата‑1 ГЭСин куруу үчүн биргелешкен ишкана ачуу тууралуу сөз болду” деген сөз айтылды.

Камбар-Ата‑1 жана 2 ГЭСтери биригип 20 млрд. квтч саат энергия берет. Анын 50 % Өзбекстандыкы, калган 59% КР жараныныкы болуп калышы мүмкүн. Менин кабатыр болгонум ушул. Себеби, 2010-жылкы Конституциянын 12-статьясынын 5-пунктунда “…Земля также может находиться в частной, муниципальной и иных формах собственности, за исключением пастбищ, которые не могут находиться в частной собственности” деп, жазылып турат.

 

- Буга ылайык биздин шылуундар ГЭС курула турган жерлерди менчик кылып алса не болот?

Мүмкүн эбак эле кээ-бир жерлер менчикке берилип кеткендир. Орустар ГЭС курабыз деп иш баштаган учурда Ат-Башыда менчик жерлер боюнча тополоңдор болуп атпадыбы. Өзбек тарап менен менчик жери бар Кыргызстандын жараны биргелешкен ишкана куруп чыгышы мүмкүн. Андай болсо Камбар-Ата‑1 ГЭСин куруу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда келишим түзүлөт.

ГЭС курулуп бүткөндө ал жерде 20 млрд. квтч электроэнергиясы иштелип чыгып, анын 50% миң жылга чейин деле Өзбекстандын менчиги болуп, Өзбекстанга электроэнергия берип турат. Дүйнөлүк баада 1 квтч. электроэнергиянын баасы $0.20 болгондо, Өзбекстан 10 млрд. квтч электроэнергиядан жылына $2 млрд. акча табат. Кыргызстандын шылууну да жылына кудум ошондой $2 млрд пайда көрөт. Ошентип Кыргыз мамлекетине эч нерсе тийбейт.

Эл тополоң кылса кыргыздын шылууну БАКИЕВ Минскиге, АКАЕВ Москвага качкандай, Ташкентке качып, ал жакка баргандан кийин Өзбекстандын жарандыгын алат. Андай боло турган болсо, Камбар-Ата‑1 жана 2 ГЭСтери 100% Өзбек мамлекетиники болот. Өзбек мамлекети өз жарандарынын менчиги кайсыл жерде болбосун коргоого милдеттүү.

Бул биздин Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычында ачык көрүнүп турбайбы. Ал жерде өзбек аскери суунун бетин жана суу сактагыч дубалын, ГЭС-н коргоп турат. Ошондой болуп Камбар-Ата ГЭСтерине да өзбек аскерлери киргизилип, ал жерди кайтарууга алат. Мен ушудан кабатыр болуп жатам.

 

— Биздин аймак болгон соң өзбектер аскерин кантип киргизмек эле?

— Мындай болуп кетсе, биздикилер эч нерсе кыла албайт. Колдорунан эч нерсе келбейт. ГЭСтер Өзбекстандын менчиги болуп калса, алар өзүмдүн менчигимди коргоп турам, андан башка эч нерсе кылган жокмун деп тура берет.

 

— Кыргыз мамлекетинин уруксаты жок башка өлкө аскерин киргизе албайт да?

— Биздин шылуундар Камбар-Ата ГЭСтерин эмес, Токтогул ГЭСин жана башка ГЭСтердин сатып жибериши мүмкүн. Анткени, өлкөнү өнүктүрөбүз деп алган чоң карыздарды жабыш үчүн акча керек деп, чыгышы ыктымал да.

Анда Үч-Коргондон баштап ГЭСтердин баары Өзбекстандыкы болуп да калышы ыктымал. Ишенген дарыябызды дагы колубуздан алдырып жиберебиз. Азыркы Конституциянын “мыктылыгы” ушуга жол ачып салган.

 

— Ошол жер сатыла турган болсо, ким сатып алышы мүмкүн? Оокатын араң кылып жаткан чортаман сатып албаса керек?

— Андай жерди шылуундар сатып алат. Эң мыкты деп аткан азыркы Конституция боюнча - ар кандай шылуундар КР жерин менчиктеп сатышы мүмкүн. Мен мыйзамдуу 1993 жылкы Конституция  бузулгандан берки бийликтердин баарын мыйзамсыз деп эсептейм. Азыркы бийлик да мыйзамсыз. Өзбекстан биздин мыйзамсыз бийлигибиз менен келишим түзөт да, андан кийин ГЭС курулганда “Биз силердин Конституцияңарды сыйлайбыз. Ошонун негизинде иш кылдык” деп, бул жактагы саткынды колдойт.

 

— Көз карандысыз өлкө дегенди - ошону менен биротоло көмүп салабызбы?

— Бүтөт ошону менен. Ансыз деле көз каранды болуп калбадыкпы. Үзөңгү-Куушту кытайларга карматтык, кытайлар келип алтыныбызды казып жатат, чилденин күнүндө бизди тоңдуруп койду. Дагы эмнени айтайын, үка?

 

— Сиз чоочулап жаткан статьяны жокко чыгарсак жердин баары Өкмөттүкү болуп калабы?

— Жер 100 % өкмөттүкү. Бирок, азыр кандай иштеп жаткан болсо - ошондой иштей берет. Болгону жер сатылбайт.

 

— Сиз 2010-жылдагы Конституцияда жерди сатканга уруксат берген деп кабатыр болуп жатасыз. 1993-жылы кабыл алынган биринчи Конституцияда жер маселеси кандай каралган эле?

— 1993 Конституциянын 4-статьясынын 3-пунктунда “В случаях и размерах, установленных законом Кыргызской Республики, земельные участки могут передаваться в пользование гражданам и их объединениям. Но не допускается купля-продажа земли” деп, каралган.

Конституциялык сот, Конституциянын гаранты Аскар АКАЕВ баштаган бийлик адамдары Конституцияны бузуп, 157 кишиден турган Конституциялык кеңешмени Акаевдин Указы менен түзүшкөн. Тизмеде биринчи Аскар АКАЕВ, андан кийин Апас ЖУМАГУЛОВ, Медеткан ШЕРИМКУЛОВ болуп кете беришет.

1993 Конституциянын 96-статьясындагы “Изменения и дополнения к настоящей Конституции принимаются Жогорку Кенешом по предложению Президента КР, не менее 1/3 депутатов ЖК КР и не менее 300 тысяч граждан Кыргызской Республики” дегенди, бузушкан. Ал жерде референдум аркылуу Конституцияны өзгөртүү деген жок болчу.

Биз өзүбүздүн элди жакшы билебиз-да. Референдум өткөргөндө акимдер жогор жактагылар эмне десе - ошону аткарышат. Жыйынтыгын 99% кыл десе – так ошондой кылат. 1993 Конституцияда элдин ишенимине ээ болуп, ар бир округдан шайланган депутат гана талкуулоо жолу менен Конституцияга өзгөртүү киргизет деп жазылуу.

 

— Кийинки Конституциялард референдум аркылуу өзгөртүү киргизилет деп каралабы?

— Туура, президент Акаев жана Конституциялык сот мыйзамсыз Конституцияны бузгандан кийин, Конституцияга референдум менен өзгөртүү киргизиле берет дешкен. 1996-жылы февраль айындагы Акаевдин Конституциянын 96-статьясында Изменения и дополнения в настоящую Конституцию принимаются референдумом, назначаемым Президентом КР” деп, жазылып турат.

Мына үка, башаламандык кантип башталган! Биз жазган жалгыз мыйзамдуу 1993 Конституцияда толуктоолор, өзгөртүүлөр бир гана Жогорку Кеңеш аркылуу киргизилет делген. Муну ошол кездеги Конституциялык соттун төрайымы өтө жакшы билет.

 

— Ал учурда төрайым Чолпон Баекова болчу да?

— Ооба, Чолпон Турсуновна жана анын сот коллегиясы өтө жакшы билет.

 

— 2010-жылкы Конституцияда бул норма Президент деген жери Жогорку Кеңеш деп, гана алмашкандыктан, эч кандай өзгөрүү болгон эмес деп эсептейсизби?

— 2010-жылдагы Конституциянын 114-статьясында “Закон о внесении изменений в настоящую Конституцию может быть принят референдумом, назначаемым Жогорку Кенешем” деп жазышкан. Эмнеси өзгөрдү үка?

Элдин башын айлантып, улам референдум өткөрө берип, мыйзамсыз, эл үчүн иштебеген Конституциялар алына берген.

 

— Сиз 1993 Конституция мыйзамсыз бузулганын Чолпон БАЕКОВА өтө жакшы билет дедиңиз. Ал киши мыйзамсыз иш болуп атканын билсе, неге силер айтканга көнгөн эмес?

— АКАЕВ качып, БАКИЕВ келгенде Конституциялык сотко гезит аркылуу сунушумду айткам. Чолпон БАЕКОВА баштаган Конституциялык соттун судьялары КР-н элинен кечирим сурап, өлкөнү мыйзам талаасына алып келиши керек дегем. Натыйжа чыкпады.

Менин КГБнын полковниги Болот деген коңшум бар болчу. Ошол жигит көз жумуп калды. Дагы бир коңшум генерал Кубанычбек ОРОЗБАЕВ. Экөөбүз Болотту жерге берүү үчүн Токмокко бирге жөнөй турган болдук.

Кубанычбек “Чолпон Турсуновна мени да ала кеткиле деп айтты эле” деп, анын үйүнө барып, алып алдык. Ошондо машинада бара жатканда Чолпон Турсуновна “Бегиш Аматович, сиздин Конституция боюнча айткандарыңыз туура. 1994-жылы кабинетимде олтурсам Левитиндин жардамчысы Данияр НАРЫМБАЕВ папканы көтөрүп кирип, ушул папкадагы документти окуп, бүткөндөн кийин кол коюп берет экенсиз деди. Мен алып окусам, Конституциянын 97-статьясынын 49-статьясын өзгөртүшүптүр. Анын ичине мындан ары референдум менен Конституция өзгөрө берет дегенди киргизишиптир. Ушунун баарына кол коюп бериңиз деди. Мен ары басып, бери басып акыры кол коюп бердим” деди.

- Эмнеге кол коюп бересиз? Сиз Конституцияга туура келбеген президенттин Указын, Жогорку Кеңештин Конституцияга туура келбеген мыйзамын жокко чыгара аласыз. Эмнеге бул ишке бардыңыз? – деп сурадым.

- “Эмне, мен дагы Исановдой болуп калайынбы? Исановду өлтүрүп коюшту го” деди.

 

Жок эже, өлбөңүз дедим. Мына ошентип, Акаев жана Конституциялык кеңешме бийликти зордук менен басып алган. Балекет ошондон башталган, үка. Конституцияда бийликти басып алуу өлкөдөгү эң оор кылмыш деп жазылуу. 1993-жылдагы Конституциянын 2-статьясынын 2-пункттунда “Никакая часть народа, никакое объединение и никакое отдельное лицо не вправе присваивать власть в государстве. Узурпация государственной власти является тягчайшим преступлением”, деп турат.

 

Бийликти узурпациялоо башталганда Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Конституциясын коргой албай койду. Мен бүгүн мунун баарын айтып жатканымдын себеби, - азыркы президентибиз Сооронбай Шарипович ЖЭЭНБЕКОВ Коопсуздук кеңешинде “Мен коррупцияга каршы күрөштүн башында турам” деп айтты. Мен ошол кишинин айтканына таянып, мени коргой турган күч бар деп, ушул окуяларды сага айтып жатам. Ал киши убактылуу болсо да бийликте олтурат. Коррупция менен күрөштү ушул жерден башташы керек.

Акаев качып кетти. Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов 157 кишинин атынан Акаевдин мыйзамсыз ишин колдоп, өлкөнү азыркыдай мыйзамсыздыкка алып келгени үчүн тв-сыналгыдан элден кечирим сурашы керек. Кыргызстан азыркыдай башаламан болбой, 1994-жылга кайтып, мыйзамдуу талаага кайтып келиши зарыл. Андан берки шайланган президенттер, өкмөт башчылар, депутаттар мыйзамсыз деп табылууга тийиш.

 

— Акаев бийликти узурпация кылды деп өлкөдөн куулду. Андан кийинки президент Бакиев да бийликти узурпация кылганы үчүн качканга аргасыз болду. Эки революцияда сиз айткан мыйзамдуу талаага кайтып барганга мүмкүнчүлүк бар беле?

— Акаевди бийликти басып алганы үчүн Бакиев таш-кесек менен өлкөдөн кубалап чыкты. Бакиевди Конституциялык жолго түш деп айткам. Керек болсо Бакиевди президент кылууга болбойт деп, гезитке жазгам.

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВГЕ: “Сен аталык экенсиң. Бакиевге кирип өлкөнү Конституциялык талаага түшүрсүн, айткының” дегем. Президентке кирип, болбой койду деп, башын чайкап чыкты. Кийин Үсөн СЫДЫКОВКО айткам. Ал киши эмне деп жооп бергенин билбейм. Анана башкы прокурор Азимбек БЕКНАЗАРОВГО айтсам “Конституция жана мыйзамдар жакшы, баарына тоскоолдук кылган Акаев болчу. Аны кетирдик, эми бизди иштеткиле” деди. Ошону менен 2005-жылы Конституциялык талаага кайтып келбей калдык.

2010-жылы Бакиевди кетиришти. Көптөгөн адамдар өлдү. Бирок, алар да Акаевдин мыйзамсыз референдум менен жасалган Конституциясын мыйзамдуу дешти. Баштапкы мыйзамдуу талаага кайтып келгиле деген сөздү бирөөсү да уккан жок. Анын ордуна жер сатылат деген Конституцияны кабыл алып, Өзбекстан менен бирге ГЭС курабыз деп, Кыргызстанга өтө оор болчу процессти баштаганы туру.

Камбар-Ата‑1 ГЭСи Нарын дарыясындагы каскаддардын эң чоң обьектиси. Мындан кийин чоң ГЭС курулбайт. Ошондуктан, 1994-жылдан берки мамлекеттеги мыйзамсыз иштердин баардыгы мамлекеттик бийликти мыйзамсыз басып алгандыктан келип чыкты деп, табыш керек.

 

— Сиз ишенип, таяныч катары эсептеген Сооронбай Шарипович мыйзамдуу президентпи?

— Жок. Бирок, бул киши кандай болбосун бийликте олтурат. Коррупция менен күрөшөм деп катуу сөз берди. Ал өлкөнү баштапкы Конституциялык жолго салып кетсе, эл өзү аны мыйзамдуу президент кылып кайра шайлап алат. Ошондо чыныгы элдин лидери болуп тарыхта калат. Ушул иштин аткарылышын азыркы президент өз колуна алат деп ишенем.

Бүгүн 1993-жылдагы жалгыз мыйзамдуу Конституциянын негизинде - бир гана Чолпон БАЕКОВА жана Конституциялык соттун мүчөлөрү мыйзамдуу сот органы деп табылат. Ушулар биринчи Конституцияны мыйзамдуу деп өкүм чыгарып, ага Баекова төрайым катары кол коюп, кетирген кемчилигин кайра оңдоого тийиш.

Элден кечирим сурашат, бирок өлкөнү Конституциялык талаага алып келет. Жумагулов, Шеримкулов, Баекова ушул гезитти окуп чыгып, 10 күндүн ичинде катачылыктарын моюндасын.

 

Наралы АСАНБАЕВ /Жаңы Ордо/ 

 

0 отзывов

Похожие новости

Анонсы / Политика и общество

00

Политика и общество

00