24-МАЙДА САДЫР ЖАПАРОВ (СОЧИ-де) КЕЛЕЧЕГИН БИЛИП КЕЛЕТ…

Менин ФБ досум Кубат Тойбаев мага төмөнкүдөй суроо берди: — Турат айтсан, Тажикстан менен дагы согуш болобу? МЕНДЕН ЖООП: Чыр-чатак жана провокациялар болот, бирок согуш болору күмөн. Түшүндүрөүн:

1. Рахмон карыды жана уулун такка мураскер кылгысы бар. Эгерде Путин (ВВП) Рахмондун бул долбоорун колдобосо, анда Рахмон үй-бүлөсү оор күндөргө туш болот. TG-н 3 шаарында РФ-н 201 дивизиясы жайгаштырылган.

2. ВВП регионго тынчтык алып келген лидер болгусу бар, жана төмөндөп бараткан ОДКБ уюмдун аброюн көтөрүшү абзел. 3. 9-майда Кремлде Рахмон кабылдап KG менен TG-н чек арасындагы чатакты толук анализдеди. Демек, ВВП (ГРУ, ФСБ, ТИМ жана башка атайын кызматтарга) жакшы-жаман долбор-варианттарын (Россия жана ОДКБ үчүн) даярдатты.

4. 24-майда Сочиде ВВП Садыр Жапаровдун оюн угуп, ага Кремль үчүн пайдалуу вариантты – ОДКБ үчүн керек деп түшүндүрөт. Эгерде Жапаров макул болбосо, анда аны аянычтуу келечек күтөт. Ошондуктан Жапаров макул болот.Андан кийин (мисалы Чимкентте) ОДКБ саммитинде (бардык күбөлөрдүн көзүнчө) KG менен ТG тынчтык келишимге кол коюшат. Ошондон баштап, жай бою бул эки мамлекет талаштуу чекара тилкелерин тактап баштайт. Ошол эле учурда Душанбе ЕАЭС-ке кириши керек, антпесе KG тарабынан блокада башталса ТG ички саясий кырдаалы курчуп, Рахмон үй-бүлөөсуно каршы тиреш күч алат.

Менин оюмча, ВВП жана ОДКБ уюму — бул согуштан чоң жыйынтык чыгарып жана бири-бирине кол салбаш бүтүмдөрүн аныктайт, болбосо ОДКБ бара-бара жок болот. Анткени, бул уюм (ОДКБ мүчөсу Арменияны Карабах учун) Баку менен Стамбул (НАТО) кысымга алганда үн чыгарбады. Кече болсо ОДКБ мүчөлөрү TG Кыргызстанды 3 күн бою аткылап, өрттөсө-да кыңк этпеди. Чынында Рахмондун жалындуу ишин бир кана Эрдоган (б.а. түрк боордоштугу) басаңдатты. Кыскасы, KG менен TG чыр-чатагы күчөп кетсе, анда ОДКБ сөзсүз кыйрайт…

Дагы бир маселе. Пенсияга аз калган Рахмон (Кремлдин артына жашынып) өзүнүн түшкөн аброюн көтөрүүгө аракет кылды, анткени Тоолуу Бадахшандын бөлүгүн Кытайга берген. Бирок, Пекинге кеткен Бадахшан жерлердин (СССР маалында) КG ТG ижарага берген эле. Ошентип Рахмон кыргыз жер-четтерин Кытайга кошо берип тышкы карызынан кутулду, а таза ТG жерлерин грамм бербейм деп коңшуларга кыр көрсөттү.Мындан тышкары, Кыргызстандан өтүп Анжаянга кетчу кытай темир жолунун курулушу дагын бир мезгилге токтоду десек болот…

PS. Кыргызга эң кооптуу маселе бул Ворух. Бизди анын алмашуусу гана кызыктырат – калган варианттары болбогон иш. Ворух кыргыздын Карабагы. (Мен ошол жерде жашагам жана бул маселени жакшы билем). Баса, баягы аткылаштын күнөөкөрү деп (ТАШИЕВ тонналап кармаган) баңгизат мафиясы аталат, Душанбе эмес…

Турат АКИМ (21.05.2021)

Поделиться

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *